Указ Президента КР от 28 февраля 2022 года УП № 67 «О награждении государственными наградами Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 28-февралы ПЖ № 67
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын көркөм сүрөт искусствосун өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстан элинин руханий маданиятын байытууга олуттуу салым кошкондугу үчүн:
ыйгарылсын: | ||
"Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы: | ||
Матаев Жусупка | - | сүрөтчү, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучусу; |
Джайчибеков Бекбосун Карабековичке | - | сүрөтчү, "Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү; |
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы | ||
Айдарбеков Эдилге | - | Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин архитектура кафедрасынын улук окутуучусу. |
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |