ПостановлениеДействует

Постановление Аламудунского айылного кенеша 06 января 2017 года № 4-27 «Рассмотрев и обсудив вопрос о дополнительных единицах по трудовому договору, а также на основании ст 31 Закона Кыргызской Республики «О местном самоуправлении» сессия Аламудунского айылного кенеша»

Редакцияот 06.01.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 06-январы № 4-27

Эмгек келишими боюнча кошумча бирдиктер жөнүндө маселени карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгек келишими боюнча 2017-жылга карата төмөнкү кошумча бирдиктер айлык эмгек акысы менен бекетилсин:

1. ТКЧ боюнча башчынын орун басары - 10000,0 сом;

2. Айыл башчы -5000,0 сом;

3. КАБдын төрагасы-5000,0 сом;

4. Салык боюнча адис – 6173,0 сом;

5. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча катчы -2000,0 сом;

6. Мал чарбачылыгы боюнча инспектор -5000,0 сом;

7. Боз үйдүн сакталышына жооптуу кызматкер – 2500,0 сом;

8. Таштанды ташуучу унаанын айдоочусу – 7350,0 сом;

9. “Тез жардам” унаасынын айдоочусу -4412,0 сом;

10. Айылдык кеңештин катчысы – 3000,0 сом;

11. Жерге жайгаштыруу боюнча жардамчы – 5000,0 сом;

12.Садовое айылынын фельдшери (2 киши) – 10000,0 сом;

13. А-Ата көч., 60а дареги боюнча жайгашкан бала бакчанын башчысы - 6173,0 сом;

14. Автокрандын,автовышканын айдоочусу -9877,0 сом;

15. АЭС инспектору -15000,0 сом;

16. А-Ата көч., 60а дареги боюнча жайгашкан бала бакчанын кароолчусу -6173,0 сом;

17. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис – 7408,0 сом;

18. Спорт боюнча нускоочу – 5000,0 сом;

19. Статист – 6173,0 сом;

20. ӨК боюнча адис -5000,0 сом.

Баары -126239,0 (бир жүз жыйырма алты миң эки жүз отуз тогуз) сом.

 

Төрага

А. Филимоненко