ПостановлениеДействует

Постановление Чапаевского айылного кенеша от 02 апрели 2018 года № 56 «Об отводе земельных участков для строительства каналов»

Редакцияот 02.04.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын  2-апрели № 56

Каналдарды куруу үчүн жер участокторун чектеп берүү жөнүндө

Суу чарба объектилерин куруу дирекциясынын 2018-жылдын 13-февралындагы №23 каналдарды куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун жана айыл өкмөттүн бул маселе боюнча сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31, 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу чарба объектилерин куруу дирекциясына  каналдарды куруу үчүн жер участокторун чектеп берүү тууралуу сунушуна макулдук берилсин, анын ичинде:

1.1. каналдардын тилкеси үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) - жалпы аянты 41,9 га;

1.2. каналдарды куруу мезгилинде  беш жылдык пайдалануу мөөнөтү менен - жалпы аянты 37 га.

2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге  жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Алманиязов