УказУтратил силу

Указ Президента Кыргызской Республики от 14 марта 2023 года УП № 55 «О внесении изменений в Указ Президента Кыргызской Республики»О введении временного запрета на вывоз (экспорт) из Кыргызской Республики золотосодержащей руды и золотосодержащего концентрата«от 26 октября 2022 года № 358»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2024-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 149 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 14-марты ПЖ № 55

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттагы "2023-жылдын 1-майынан" деген сөздөр "2023-жылдын 31-декабрынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 4-пункттун экинчи абзацындагы "2023-жылдын 1-ноябрынан" деген сөздөр "2024-жылдын 30-июнунан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 17-мартындагы  № 95 жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров