ПостановлениеДействует

Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2016-жылдын 08-августундагы № 11 «Жайыт комитетинин 2016-2019-жылдарга карата климаттын өзгөрүшүнүн шартында жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 08.08.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги III сессиясы

 

2016-жылдын 08-августу № 11

Жайыт комитетинин 2016-2019-жылдарга карата климаттын өзгөрүшүнүн шартында жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорун колдоо максатында жайыт комитетинин 5-апрель 2016-жылдагы №4 протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-2019-жылдарга карата климаттын өзгөрүшүнүн шартында жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү планы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, суу, чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика, маселелери боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Т.Жусупов

 

( №11 . 08.08.2016.токтомуна тиркеме)

Мырза-Аке айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-2019-жылдарга карата климаттын өзгөрүшүнүн шартында жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү планы.

Мырза-Аке айыл аймагы жайгашкан аймагы.

Мырза-Аке айыл аймагынын социалдык –экономикалык мүнөздөмөсү.

Жайыт пайдалануучулар бирикмеси.

Жалпы малдын саны

Тоют менен камсыздандыруу.

Жайыттардын сыйымдуулугун аныктоо.

Жайыт пайдаланууну климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу.

Мал жаюу

Малдардын ден-соолугун коргоо.

Гендердик теңчилик

Жайыттарды башкаруудагы көйгөйлөр жана муктаждыктар.

Перспективалык финасылык изилдөө.

Жайыт комитетинин алып барган иштери

Жайыт башкаруу пландарынын аткарылышына мониторинг

Ички тартип эрежелери