ПостановлениеДействует

Казыбек айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-февралындагы № 8 «Казыбек айылынын тургуну Дайынова Дамирага «Шырыкты» участкасынан кыштоо салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.02.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7 - шайланышынын 16 - сессиясы

 

2016-жылдын 29-февралы № 8

Казыбек айылынын тургуну Дайынова Дамирага «Шырыкты» участкасынан кыштоо салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

 Казыбек айылынын тургуну Дайынова Дамирага «Шырыкты» участкасынан кыштоо салуу үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын 2015-жылдын 27- декабрындагы № 10 Протоколунун негизинде, айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 токтому менен бекиген жер участокторун которуу (трансформациялоо ) тартиби жөнүндөгү Убактылуу Жобонун 16-пунктунун 1,2,3-подпунктуна ылайык жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын 2015-жылдын 25-декабрындагы № 10 Протоколунун негизинде Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу «Шырыкты» коктусундагы № 777 контурунун ичиндеги 382,4 га айыл- чарба багытындагы жайыт жеринин ичинен 0,07 га жери курулуш алдындагы жерлердин түрүнө которууга берилген сунуш бекитилсин.

2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

Б. Аттокуров