ПостановлениеДействует

Семиз-Бел айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-январындагы № 2/1 «Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кɵрсɵтүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 17.01.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

2017-жылдын 17-январы № 2/1

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кɵрсɵтүү жөнүндө

 «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 мыйзамынын VI –бɵлүмүнүн 49-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кɵрсɵтүү жɵнүндɵ Семиз-Бел айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын кызмат ордуна Моңкоев Эмилбек Барктабасович 1968-ж туулган, жогорку билимдүү Кара-Тоо айылынын тургуну жана 1977-ж туулган, жогорку билимдүү, Чекилдек айылынын тургуну Акишов Бурканбек Карыбековичтин талапкерлиги кɵрсɵтүлсүн.

2. Семиз-Бел айылдык Кеңешинин Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер кɵрсɵтүү жɵнүндɵ токтомун Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

Төрага

Р.Базаркулов