УказУтратил силу

Указ Президента КР от 15 июля 2006 года № 386 «О назначении выборов депутатов некоторых местных кенешей и глав местного самоуправления Кыргызской Республики»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

                            КР Президентинин

               2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

                         ылайык күчүн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 15-июлу ПЖ № 386

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

        Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кењештеринин

    депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын

                       шайлоону дайындоо жөнүндө

 

     Айрым жергиликтүү  кењештердин  депутаттарынын  жана   жергиликтүү

өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ыйгарым укуктары аяктаган-

дыгына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

1-статьясынын  6-пунктун,  46-статьясынын 6-пунктунун 4-пунктчасын жана

"Кыргыз Республикасында шайлоолор жөнүндө" Кодекстин 80-,  88-статьяла-

рын эске алып, токтом кылам:

     1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы  Исанов,

Көкбел  айылдык  кењештеринин,  Алай районундагы Коњурдөбө,  Кабыланкөл

айылдык кењештеринин,  Карасуу районундагы Отузадыр,  Сарыколот айылдык

кењештеринин депутаттарын шайлоо 2006-жылдын 17-сентябрына,  жекшембиге

дайындалсын.

     2. Кыргыз  Республикасынын  Жалалабат облусунун Ноокен районундагы

Ташбулак,  Тогузторо районундагы Атай айыл өкмөттөрүндө жана  Майлуусуу

шаарындагы Сарыбээ шаарча кењешинде;  Ысыккөл облусунун Тоњ районундагы

Көкмойнок,  Түп районундагы Михайловский айыл өкмөттөрүндө; Нарын облу-

сунун Акталаа районундагы Баетов,  Терек,  Жергетал, Жумгал районундагы

Жањыарык айыл өкмөттөрүндө,  Нарын районундагы Достук шаарча кењешинде;

Ош облусунун Алай районундагы Кабыланкөл, Коњурдөбө, Араван районундагы

Керметоо, Карасуу районундагы Жањыарык айыл өкмөттөрүндө; Талас облусу-

нун   Карабуура   районундагы   Маймак,  Талас  районундагы  Арал  айыл

өкмөттөрүндө; Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный, Жайыл ра-

йонундагы  Сарыкоо,  Красновосточный,  Сокулук  районундагы Фрунзе айыл

өкмөттөрүндө жергиликтүү өз  алдынча  башкаруусунун  башчыларын  шайлоо

2006-жылдын 17-сентябрына, жекшембиге дайындалсын.

     3. Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясы жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жогоруда аталган

органдарына шайлоолорду өткөрүүнү Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына

ылайык уюштурсун.

     4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

     - 2006-жылга республикалык бюджетте шайлоолорду өткөрүүгө каралган

финансылык каражаттарды бөлүп берсин;

     - шайлоолорду  даярдоо  жана  өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана  мыйзамдарынын  сакталышын

камсыз кылсын.

     5. Жергиликтүү мамлекеттик  администрациялардын  жана  жергиликтүү

өзалдынча  башкаруу органдарынын башчылары шайлоо комиссияларын шайлоо-

чулардын сапаттуу тизмелери менен камсыз кылсын жана аларга шайлоолорду

даярдоодогу жана өткөрүүдөгү уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана

башка маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

     6. Ушул  Жарлыктын  аткарылышына  контролдук  кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын  уюштуруу  иштер  жана

мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

     7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

     Президенти                                     К.Бакиев