Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын 11-сессиясы
2022-жылдын 12-январы № 11/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган каражатты пайдалануу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин жыл башында калган каражатын пайдалануу боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнун башчысы А.Т.Бектемировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинде жыл башына калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 1972,6 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2. Аталган сумма төмөндөгү статьяга жумшалсын:
-Дөбөлү айыл аймагында жайгашкан мекемелерди интернет байланышы менен камсыз кылууга 50,0 миң сом;
-Айыл өкмөтүнүн транспорт чыгымдарына 140,0 миң сом;
-Каналдарынын оңдоп түзөө жумуштарына күйүүчү майга 100,0 миң сом;
-Токтосунов атындагы жана Алыш орто мектебинде окуучуларды ташууга 70,0 миң сом күйүүчү майга, 10,0 миң сом запастык тетиктерге;
-Маданий иш чараларды өткөрүүгө 127,7 миң сом;
-Информациалык, компьютер оңдоо кызмат көрсөтүүлөр 50,0 миң сом;
-Башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө 729,9 миң сом;
-Өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга 100,0 миң сом;
-Медикамент алууга 6,0 мин сом;
-Клубдун учурдагы ремонтуна 50,0 миң сом;
-Бала бакчалардын ремонтуна 30,0 миң сом;
-СООПВ га ремонт үчүн 10,0 миң сом;
-Инвентарь алууга клубга 10.0 миң сом;
-Музейге 20,0 миң сом;
-Майда чарбалык буюмдарды алууга 59,0 миң сом;
-Токтосунов атындагы орто мектепке капиталдык ремонт үчүн 140,0 миң сом;
-Китеп алууга 30,0 мин, сом;
-Проектор, түстүү принтер алууга 80,0 миң сом;
-Бала бакчаларга ашкана жабдууларын алууга 130,0 миң сом;
-Абиров мектебине генератор алууга 30,0 мин сом;
3.Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага: | С. Кадырбеков |