УказУтратил силу

Указ Президента КР от 23 декабря 1994 года УП № 347 «О мерах по финансовому обеспечению Фонда содействия занятости населения»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

1994-жылдын 23-декабры ПУ № 347

Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү фондун финансылык камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө

Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү  Фондунун финансылык базасын чыңдоо жана калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясатын натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу кабыл алынсын жана иштеген граждандардын Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү Фондуна милдеттүү түрдөгү камсыздандыруу взностору 1993-жылдын 1-январынан  тартып эмгек акынын 0,3 процент өлчөмүндө белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кийин Киргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү үчүн "Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" мыйзамдын долбоорун 1995-жылдын 1-февралына чейин даярдасын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Акаев