Загрузка документа…
САРЫ БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
2019-жылдын 1-октябры №25/116
Шамен атындагы орто мектебинин директорунун маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айылындагы Шамен атындагы орто мектебинде 2018-2019-окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө мектептин директору Ж.Назаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынынайылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Мектептин 2018-2019-окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө мектептин директору Ж.Назаровдун маалыматы канааттандыраарылык деп табылсын.
2. Мектептин окуу, тарбия иштерин жүргүзүүдө ички эмгек тартибин сактоону, билим берүүнүн жаңы багыттарын колдонуу менен окуучуларга татыктуу тарбия, билим берүүнү камсыз кылуу жагына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы мектептин директору Ж. Назаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынынайылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология,жаштар, спорт, маданият жанасоциалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|