ПостановлениеДействует

Чаувай айылдык кеңешинин 2014-жылдын 05-декабрындагы №12/2 «Чаувай айылдык Кеңешинин 2015-жылдагы кирешелердин коэффицентин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 05.12.2014
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаувай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2014-жылдын 05-декабры №12/2

 

Чаувай айылдык Кеңешинин 2015-жылдагы кирешелердин коэффицентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык зоналдык коеффицентти бекитүү жөнүндө Чаувай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    2015-жылдын январь айынан баштап Чаувай айыл аймагынын жергиликтүү салыктар (жер салыгы,мулк салыгынын 1,2,3 тобу ) киргизилсин.

2.    Айыл чарбасына арналбаган юридикалык жана физикалык жер салыгынын коэффиценти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

3.    Таштандыларды чыгаруу боюнча төлөмдөр 1-кожолукка 50(элуу) сомго белгиленсин.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бөлүмүнүн башчысы А.Бакировко жүктөлсүн.

 

Тѳрага

У. Хаджимуратов