Өмүралиев айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-июлундагы №136 «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергеиликт өз алдынча башкаруу органдары айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимин кароо жөнүндө» токтому
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2016-жылдын 12-июлу №136
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергеиликт өз алдынча башкаруу органдары айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын "Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө " Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен тузүлгөн типтүү келишимди карап талкуулап чыгып Өмүралиев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма жетинчи ачык кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтомунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча 1 штаттык бирдик бекитилсин.
2. Токтфмдун аткарылышын кезөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Айталиевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Сагыналиев |
|
|