К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Бүргөндү айылдык кеңешинин 2018-жылдын 02-февралындагы №11 «Намаздык–Ата жайыт бирикмесинин 2018-жылдагы иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 11
Принят
2 февраля 2018 года
Издал
Бургандинский айылный кенеш Ноокенского района

Регистрация и публикация

Публикация
www.nooken.kg · 13 ноября 2018 года
В реестре с
6 декабря 2018 года

В реестре

Код Минюста
500880

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 02.02.2018
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2018-жылдын 02-февралы №11

Намаздык–Ата жайыт бирикмесинин 2018-жылдагы иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө

 

 “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин башчысы М.Джолдошовдун 2018-жылга иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Жайыттар жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамынын 6,7,8-беренелерине ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XII –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин башчысы М.Джолдошовдун 2018-жылга иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.

2. “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин 2018-жылга карата түзүлгѳн иш планы бекитилсин.

3. Жайыт төлөмдөрүнүн ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. “Намаздык-Ата” жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджети бекитилсин.

5. «Намаздык–Ата» жайыт комитетинин бюджетин көтөрүүгө тийиштүү бардык иш чараларды көрүү жагы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.

6. «Намазжык-Ата» жайыт комитетине караштуу жайыттарда мал чарбасын өнүктүрүү үчүн керектүү инфраструктураны түптөш боюнча программаны даярдоо жагы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.

7. Бүргөндү айыл аймагындагы райондук жайыт фондундагы жайыттарды Жаңы-Арык, Ношкен жана Жеңиш айылынын жайыт пайдалануучуларына пайдаланууга берүүнү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.С.Маматаевтен жана райондук жайыт комиссиясынын төрагасы Т.Эшиевтен суралсын.

8. Ноокен райондук жайыт фондунун жайыттарын көп жылдык пайдаланууга алуу жөнүндөгү документтерин даярдоону жана камсыздоону «Намаздык-Ата» жайыт комитетинин төрагасы М.Джолдошовко, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Сатыкуловко милдеттендирилсин.

9. «Намаздык-Ата» жайыт комитетине караштуу жайыттардын кыртышын, пычан жайыт жерлердин кыртышын сактоо боюнча иш чара иштеп чыгуу жагы жайыт комитетине жүктөлсүн.

10. Менчик мал багарлар Улуу жайлоолорго жайыт комитетинен жайыт билетин алмайынча көчүрбѳѳ жагы жайыт комитетинин башчысы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.

11. Менчик мал багарлар жеке ишкер катары патент алуу жагы ар бир менчик мал багарга милдеттендирилсин.

12. Кара мал, кой, эчки жана жылкы санагы короодо баары толугу менен эсепке алынсын.

13. Бүргөндү айыл аймагындагы пычан жайыттарды корукка алуу жагы Намаздык-Ата жайыт комитетинин төрагасы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.

14. Бул токтом Ноокен райондук малекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.

15. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳт башчы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.

16.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Эл чарбасы, айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Арстанбековго жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Т. Асанбаев

 

 

 

 

 

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.