ПостановлениеДействует

Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 42-7 «Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 25.01.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXXII сессиясы

 

2017-жылдын 25-январы № 42-7

Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесине А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жылылук берүү магистралдык трассасынын ондоо үчүн 253 500 сом Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты эсебинен ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров