Маймак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы №3 «Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» токтому
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Маймак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2017-жылдын 31-марты №3
Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында:
1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Ниязалиева Н жана Мониторинг тобунун төрагасы К.Имеровго жүктөлсүн.
Тѳрага | Д. Кудайбергенов |
|
|