ПостановлениеДействует

Маймак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-майындагы №1 «Мамлекеттик тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар жөнүндө» токтому

Редакцияот 21.05.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Маймак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы

 

2017-жылдын 21-майы №1

Мамлекеттик тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар жөнүндө

 

КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык райондук мамлекеттик салык башкармалыгынын жана айыл өкмөтүнүн келишиминин негизинде айыл кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салык тармагында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу Кара-Буура салык башкармалыгы жана Маймак айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим бекитилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын

Тѳрага

Д. Кудайбергенов