ПостановлениеДействует

Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-ноябрындагы № 27-1 «Куу-майдан айылындагы Ж. Нышанов атындагы мектептин кошумча класстык бөлмөлөрүнүн курулушуна акча каражатын ажыратып берүү тууралуу» токтому

Редакцияот 12.11.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 27 сессиясы

 

2016-жылдын 12-ноябры № 27-1

Куу-майдан айылындагы Ж. Нышанов атындагы мектептин кошумча класстык бөлмөлөрүнүн курулушуна акча каражатын ажыратып берүү тууралуу

Куу-майдан айылындагы Ж. Нышанов атындагы мектепке кошумча класстык каана курууда сметада каралаган суммадан аткарылган жумуш 1 млн. 112 миң 617 сомго ашыкча болгондугуна байланыштуу, бул сумманы кошумча карап берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 жана 5-пункттарына таянып Кеңеш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин кошумча класстык каанасын куруу боюнча аткарылып жаткан иштер колдоого алынып, ашыкча чыгымдалган 1 млн. 112 миң 617сом сумманын жарымын төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

2. 224 миң 400 сому быйылкыжылга, ал эми калган сумма 2017-жылдын бюджетинен каралып, бөлүнүпберилсин.

3. Калган акча каражатын 2017-жылдын бюджетине сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко милдеттендирилсин.

4. Айылдык кеңештин 2016-жылдын 21-февралындагы № 23-2-токтому менен бекитилген айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетиндеги кирешелердин кээ бир түрлөрү толбогондугуна байланыштуу № 1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

5. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Ташбаев

 

 

Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин (5-чакырылышы) кезексиз 27-сессиясынын № 27-1-токтомуна № 1 тиркеме

 

№

мазмуну

п/н

салыгы

транспорт салыгы

а/чарба

жер

салыгы

а/чарба

эмес

жер

салыгы

Сатуудан

алынган

салык

Лицензия

Алуу

салыгы

ФПС

ижара

акы

Жыйынтыгы

1

Киреше

бөлүгүнөн

-100

100

-100

50

-511,4

240

55,0

-266,4

 

Жыйынтыгы

 

-100

100

-100

50

-511,4

240

55,0

-266,4

 

 

раздел

статья

сумма

 

4-квартал

 

 

 

2

Чыгаша

бөлүгүнөн

70491

3111

-266,4

 

-266,4

 

 

-266,4

 

Жыйынтыгы

 

 

 

-266,4

 

-266,4

 

 

-266,4

 

Жооптуу катчы

А. Шадыканова