ПостановлениеДействует

Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы № 5 «Ноокат шаар аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 16.02.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXIII сессиясы

 

2017-жылдын 16-февралы № 5

Ноокат шаар аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Ноокат шаар аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлерге коммуналдык жардам көрсөтүү максатындагы маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаар аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларында эмгектенип жаткан ар бир педагогикалык кызматкерге 2017-жылдын 1-мартынан баштап, 2017-жылдын 31-декабрына чейин иштеген айына карап ар ай сайын 500 сомдон жалпысы болуп 1105,0 миң сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 709-бөлүмдүн 2721-беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров