К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Чаткал айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы №7 «Чаткал айылдык кенешинин төрагасына 2017-жыл ичинде өткөргөн сессияларына компенсация төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө» токтому

Реквизиты

Номер
№ 7
Принят
20 ноября 2017 года
Издал
Чаткальский айылный кенеш Чаткальского района

Регистрация и публикация

Публикация
chatkal.kg · 12 января 2019 года
В реестре с
6 марта 2019 года

В реестре

Код Минюста
502319

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 20.11.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаткал айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

 

2017-жылдын 20-ноябры №7

Чаткал айылдык кенешинин төрагасына 2017-жыл ичинде өткөргөн сессияларына  компенсация төлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 37-беренесинин 6- пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы № 01/32/137 сандуу катынын негизинде Чаткал айылдык кеңешинин төрагасына 2017- жыл ичинде айылдык кеңештин сессияларына компенсация төлөмдөрүн эсептеп жана төлөп берүү жөнүндө Чаткал айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаткал айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсү эске алынсын.

2. Чаткал айылдык кеңешитин ар бир сессиясын даярдоого иш пландын негизинде комиссия түзүү, текшерүү, жыйынтыгын чыгаруу, токтомдордун долбоорун даярдоо, сессия өткөрүү күнү жана сессиядан кийин протоколдорду, токтомдорду кайрадан кароо, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кеминде беш күндөн кем эмес, кээ бир учурларда мындан да көп убакыт кетээрин белгилеп сессия өткөрүүгө компенсация өлчөмүн беш күндөн кем эмес күнгө эсептөөлөр жүргүзүү жагы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы № 01/32/137 сандуу көрсөтмөсүнө ылайык айылдык кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын өлчөмүн чыгарылган расчеттордун негизинде төлөп берүү Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Эргеш уулу У.

 

 

 

 

 

 

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.