ПостановлениеДействует

Кароол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-августу № 32/8 «Кароол айыл өкмөтүнүн ички жана тышкы жайыттарга болгон ыйгарым укугун 2009-жыл 26-январындагы жайыт Мыйзамынын 30-беренесине ылайык өткөрүп берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 18.08.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз 32- сессиясы

 

2016-жылдын 18-августу № 32/8

Кароол айыл өкмөтүнүн ички жана тышкы жайыттарга болгон ыйгарым укугун 2009-жыл 26-январындагы жайыт Мыйзамынын 30-беренесине ылайык өткөрүп берүү жөнүндө

Кароол айыл өкмөтүнүн ички жана тышкы жайыттарга болгон ыйгарым укугун 2009-жыл 26-январындагы жайыт Мыйзамынын 30-беренесине ылайык өткөрүп берүү жөнүндө маселени талкуулап Кароол айылдык кенешинин 32-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароол айыл өкмөтүнө караштуу ички жайыт 2666га, сырткы жайыт 1245га, жалпы аянты 3603 га түзөт. Кароол айыл өкмөтүнө караштуу жайыт башкаруу укугун 2009-жыл 26-январындагы жайыт Мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кароол жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү сунушталсын.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Анаркулов Т.) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Акматалиев