Акназаров айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-январындагы № 1 «Акназаров айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-январы № 1
“Акназаров айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”.
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2022-жылдын 17-январындагы кезексиз 5-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Акназаров айылдык кенешинин 24.12.2021-жылдагы №1 токтомунун экинчи бөлүмүндөгү кошумча корпус курууга өздүк салым үчүн 1,500 миң. сомдун ордуна 1,766 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин деп өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Арыкбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |