ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 19 ноября 2009 года № 1508-IV «О проведении 100-летнего юбилея выдающегося кыргызского поэта Боконбаева Ж.»

Редакцияот 19.11.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2009-жылдын 19-ноябры № 1508-IV            КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ                  Кыргыздын чыгаан акыны Ж.Бөкөнбаевдин                  100 жылдык юбилейин өткөрүү жөнүндө      2010-жылдын майында  кыргыздын  чыгаан  акыны Жоомарт Бөкөнбаевдинтуулган күнүнөн бери 100 жыл толот.  Акын, драматург, редактор жана ко-тормочу  катары  ал улуттук адабият менен журналистиканын өнүгүшүнө чоњсалым кошкон. Ж.Бөкөнбаевдин "Айчүрөк", "Токтогул" жана "Алтын кыз" пь-есалары кыргыз драматургиясынын классикасы болуп саналат. Анын поэмала-ры,  ырлары, орус адабиятынын классиктеринин чыгармаларынын котормолоруКыргызстандын маданий мурасынын олуттуу бөлүгүн түзөт.     Ж.Бөкөнбаевдин улуттук адабияттын,  театр искусствосунун жана жур-налистикасынын  өнүгүшүнө  кошкон олуттуу салымын,  эл алдындагы чыгаанэмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:     - Ж.Бөкөнбаевдин 100 жылдык юбилейин өткөрүү;     - Ж.Бөкөнбаевдин  тандалма  чыгармаларынын жыйнагын бастырып чыга-руу;     - Ж.Бөкөнбаевге арналган кыска метраждуу телефильм жаратуу;     - Ж.Бөкөнбаевдин  чыгармачылыгына  арналган  конференциялар  мененокууларды уюштуруу меселелерин карасын.     2. Ушул токтомдун аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комите-тине (Л.Ч.Сыдыкова) жүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын Жогорку     Кењешинин Төрагасынын орун басары                          Ч.Баекова