ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 11 ноября 2013 года № 599 «О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Порядка пропуска транспортных средств по автомобильным дорогам общего пользования Кыргызской Республики и взимания сборов за взвешивание и измерение общей массы, осевых нагрузок, размеров и других линейных параметров транспортных средств и Порядка пропуска и взимания сборов за проезд транспортных средств со специальным и неделимым грузом по автомобильным дорогам общего пользования Кыргызской Республики«от 8 августа 2011 года № 454»

Редакцияот 11.11.2013
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 2013-жылдын 11-ноябры № 599

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын жана андан ары бузулушуна жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак-габариттик контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмеси:

- төмөнкү мазмундагы 18, 19-пункттар менен толукталсын:

"

18

ЭМ-066

Мырзаке-Кара-Шоро

Ош облусу Өзгөн району

Мырзаке- Кара-Шоро автожолунун 21-чакырымы

"Салама- лик"

19

ЭМ-068

Куршаб-Жалпак-Таш

Ош облусу Өзгөн району

Куршаб- Жалпак-Таш автожолунун 7-чакырымы

"Жалпак- Таш"

".

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомунан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев