ПостановлениеДействует

Постановление Люксембургского айыльного кенеша от 17 декабря 2021 года №22/VII-28 ««О выделении денежных средств»»

Редакцияот 17.12.2021
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 17-декабры №22/VII-28

"Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө"

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин "Киршелк айылындагы Мичурин көчөсүн асфальт-бетон менен каптоону капиталдык оңдоо" долбооруна катышуу үчүн Ысык-Ата районунун үлүштүк (дем берүүчү) грантына өздүк салым  1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап , Люксембург айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2022-жылга карата "Киршелк айылындагы Мичурин көчөсүн  асфальт-бетон менен каптоону капиталдык оңдоо" долбооруна катышуу үчүн материалдар жактырылсын.

2. Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондуна үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды каржылоону карап берүүгө  өтүнүч кат жөнөтүлсүн, ошондой эле долбоордук-сметалык документтерге ылайык 25% өлчөмүндөгү салымды Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен  1 000 000(бир миллион)сомду кошооруна кепилдик берилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн  башчысы Э.Буйляшевге  жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Шайлдабеков