ПостановлениеДействует

Постоновление Бишкекского городского кенеша от 5 апреля 2022 года № 26 «Об утверждении Положения о порядке организации и проведения конкурсов на определение автоперевозчика для обслуживания регулярных автобусных маршрутов города Бишкек»

Редакцияот 05.04.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 5-апрели №26

Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу тутумун жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана маданиятын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти тартипке келтирүү жана жөнгө салуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого сынактарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 50 "Ачык сынактын негизинде Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана транспорт маселесин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Конгантиев