ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 6 июля 2004 года № 501 «О делегировании полномочий Правительства Кыргызской Республики государственной администрации Иссык-Кульской области по предоставлению земельных участков, находящихся в курортно-рекреационной зоне»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 6-июлу N 501

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курорттук-рекреациялык

           зонада жайгашкан жер участокторду берүү жагындагы

                укуктарын Ысыккөл облустук мамлекеттик

                    администрациясына өткөрүп берүү

                                жөнүндө

 

                   (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

             2005-жылдын 11-августундагы N 365 токтомунун,

             2007-жылдын 24-августундагы N 370 токтомунун

                        редакцияларына ылайык)

 

     Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы жер ресурста-

рын пайдалануунун  натыйжалуулугун  арттыруу,  бул регионду өнүктүрүүгө

кошумча инвестицияларды  тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер

кодексинин 4  жана 29-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

     (Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн   2005-жылдын 11-августундагы N

365 токтомунун  редакциясына ылайык)

     1. Мамлекеттик менчикте  турган,  курорттук-рекреациялык  зонадагы

жер   участокторун  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарында  белгиленген

чектөөлөр менен,  курорттук,  дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жана  ту-

ристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн ачык тооруктарды

өткөрүү жолу менен берүү укугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйга-

рым  укуктары  Ысыккөл  облусунун мамлекеттик администрациясына өткөрүп

берилсин.

     Тооруктун жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен

бекитилери белгиленсин.

     2. Курорттук-рекреациялык  зонадагы,  мамлекеттик  менчикте турган

жер участокторун  берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ку-

рамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

     Комиссиянын иш-аракети Ысыккөл облусунун мамлекеттик администраци-

ясынын аппараты тарабынан камсыздалаары белгиленсин.

     (Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2007-жылдын  24-августундагы N

370 токтомунун редакциясына ылайык)

     3. Жер участокторун берүү боюнча тооруктарды өткөрүүдөн түшкөн ка-

ражаттар Ысыккөл облусун өнүктүрүүгө жумшалаары белгиленсин.

     4. Ысыккөл  облусунун мамлекеттик администрациясы комиссиянын иши-

нин регламентин жана курорттук,  дарылоочу-ден соолукту  чыңдоочу  жана

туристтик  объекттерди  жана  тейлөө объекттерин куруу үчүн мамлекеттик

менчикте турган, курорттук-рекреациялык зонадагы жер участокторун берүү

боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону эки аптанын ичинде

иштеп чыксын жана бекитсин.

     5. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана

жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Н.Танаев