ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 4 августа 2005 года № 351» О неотложных мерах по ликвидации последствий стихийных бедствий, произошедших на территории Кыргызской Республики в 2005 году»

Редакцияот 04/08/2005
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-августу № 351                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ               2005-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында             болуп өткөн табигый кырсыктардын кесепеттерин               жоюу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө      Табигый кырсыктардын  кесепетинен 2005-жылы Кыргыз Республикасынынаймагында болуп өткөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча ке-чиктирилгис  чараларды  көрүү  максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат:     1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар  жана  жергиликтүү  өз  алдынча башкаруу органдары 2005-жылы КыргызРеспубликасында болуп өткөн  өзгөчө  кырдаалдардын  кесепеттерин  жоюу,авариялык-калыбына  келтирүү  иш-чараларын  жүргүзүү  боюнча  өзүлөрүнөжүктөлгөн милдеттерге ылайык жетекчилердин жеке жоопкерчилигинде кечик-тирилгис чараларды көрүүнү уюштурушсун.     2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар  минист-рлиги:     - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана  тийиштүү  минист-рликтер,  ведомстволор менен бирдикте 2005-жылдын биринчи жарымында бо-луп өткөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча биринчи  кезек-теги авариялык-калыбына келтирүү иш-чараларынын планын иштеп чыксын;     - поселкаларда көчүрүлүүчүлөр үчүн ички аянттык инженердик  комму-никацияларды курууга кыска мөөнөттө киришсин;     - табигый кырсыктардын алдын алууга жана болуп  өткөндөрдүн  кесе-петтерин  жоюуга багытталган авариялык-калыбына келтирүүчү коргонуу иш-терин жүргүзүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,  ми-нистрликтер менен ведомстволордун иштерине контролдукту уюштурсун;     - болуп өткөн табигый кырсыктардын кесепеттерин  эске  алуу  менен2005-жылга  капиталдык  курулуш  объекттеринин  жана авариялык-калыбынакелтирүү иштеринин планын көбөйтүү жагын кайра карасын;     - 2005-жылдын 10-13-июнунда селге дуушар болгон калктуу конуштардыкайтадан текшерип чыгууну уюштурсун;     - адистештирилген  уюмдарды  тартуу менен өзгөчө коркунучтуу зона-лардагы илимий-изилдөө иштеринин комплексин жүргүзүүгө киришсин;     - табигый   кырсыктардын   кесепеттерин  жоюу  үчүн  зарыл  болгонкүйүүчү-майлоочу материалдардын жана  башка  материалдык  каражаттардынзапастарын түзүү боюнча чараларды көрсүн;     - облустук көчмө механизацияланган отряддарга азыркы учурдагы  ин-женердик-курулуш техникаларын кошумча бөлүүнү камсыз кылсын;     - табигый кырсыктардын кесепеттерин алдын алуу жана  жоюу  жагынаниш-чараларды  уюштуруу  боюнча жарандык коргонуунун атайын машыгууларынөткөрүү практикасын улантсын;     - Ош облусунун Өзгөн районунун Кыймыл, Баткен облусунун Баткен ра-йонундагы Бозадыр айылдарындагы  коргонуучу  дамбаларды,  Ош  облусунунӨзгөн  районунун  Мырзаке айылында,  Баткен облусунун Кызылкыя шаарындасел тосуучу курулмаларды куруу,  Ош облусунун Карасуу районунун  Кењсайайылында жер алдындагы суулардын дењгээлин азайтуу жана Жалалабат облу-сунун Сузак районунун Орток айылында инженердик коммуникацияларды курууиштерин бүткөрүүнү тездетсин;     - табигый кырсыктардан кыйла жабыр тарткан калкка колдо болгон ре-зервден гуманитардык жардам берүүнү уюштурсун.     3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-ча  башкаруу  органдары төмөнкүлөрдү жетекчилердин жеке жоопкерчилигинеалышсын:     - табигый  кырсыктан  жабыр  тартышкан үй-бүлөлөргө узак мөөнөттүүжењилдетилген ссудаларды бөлүү боюнча маселелер чечилгенге чейин алардыубактылуу турак жайга көчүрүү боюнча шашылыш чараларды көрүүнү;     - акча  каражаттарынын  өтө  жетишсиздигине  байланыштуу  каржылоокөлөмдөрүнө  ылайык турак жайларды курууга жана сатып алууга ссудалардыбиринчи кезекте бөлүү үчүн артыкчылыктуу райондорду аныктоону;     - каржылоо  көлөмдөрүнө ылайык узак мөөнөттүү жењилдетилген ссуда-ларды биринчи кезекте алууга муктаж болгон  жапа  чеккен  үй-бүлөлөрдүнтизмесин  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана ку-рулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай курулуш  де-партаментине берүүнү;     - тизмелерди түзүүдө өтө муктаж үй-бүлөлөрдү тандоонун ачык-айкын-дуулугун камсыз кылууну;     - тиешелүү кызматтар менен бирдикте жањы турак үйлөрдү курууга жеручастокторун бөлүүнү камсыздоону;     - ведомстволук аймактарда капиталдык курулуштун ведомстволук  пла-нына   кирбеген   объекттерде   авариялык-калыбына   келтирүү   иштеринжүргүзүүнү уюштурууну;     - табигый  кырсыктардан жапа чеккен калкка турак жай курулушу үчүнбөлүнгөн участоктордо инженердик коммуникацияларды курууга Кыргыз  Рес-публикасынын  Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки жумалыкмөөнөттө архитектуралык-пландоо тапшырмасын берүүнү;     - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн финансылык, мате-риалдык ресурстарды түзүүнү камсыздоону;     - колдо  болгон  ресурстарды  пайдалануу,  эл аралык жана өкмөттүкэмес уюмдар жагынан жардамдарды тартуу менен табигый кырсыктардан кыйлажапа чеккен жашоочуларга даректүү жардам көрсөтүүнү уюштурууну.     4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана  коммуникациялар  минист-рлиги:     - табигый кырсыктарга дуушар  болгон  калктуу  конуштарга  баруучужолду камсыз кылуу боюнча шашылыш тартипте чара көрсүн,  жалпы пайдала-нуудагы автожолдордун бузулган участокторун  калыбына  келтирүү  боюнчаэтаптуу иштерди уюштурсун;     - ички чарбалык багыттагы автожолдор жана көпүрөлөр боюнча авария-лык-калыбына  келтирүү иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрацияларга жардам көрсөтсүн.     5. Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги:     - ведомстволук  суу  чарба  курулмаларында авариялык-калыбына кел-тирүү иштерин жүргүзүү боюнча чараларды көрсүн;     - сел жана суу өткөрүүчү курулмаларда капиталдык курулуш жана ава-риялык-калыбына келтирүү иштеринин планын көбөйтүү жагын  кайра  караш-тырсын;     - магистралдык сугат каналдарында,  сел өткөрүүчү ири курулмалардакалыбына келтирүүчү иштерди биринчи кезекте уюштурсун;     - табигый кырсыктардын натыйжасында айыл чарба жерлери бузулуп жокболгон кыйла жабыр тарткан жашоочуларга зарыл жардам көрсөтсүн.     6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги сел  агым-дарынан  жабыр тарткан райондордо санитардык-гигиеналык жана эпидемиягакаршы иш-чараларды шашылыш тартипте жүргүзүүнү аяктасын.     7. Кыргыз  Республикасынын  Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирдикте:     - жабыр  тарткан райондордун калкына пенсияларды,  пособиелерди өзучурунда төлөөнү камсыз кылсын;     - жабыр  тарткан райондордо өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюужана Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү фондунан бөлүнүүчү каражаттар-дын  эсебинен жањы турак үйлөрдү куруу боюнча коомдук акы төлөнүүчү иш-терди уюштурсун.     8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай курулуш депар-таменти  жергиликтүү  мамлекеттик  администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен бирдикте:     - Кыргыз  Республикасынын  Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-рлиги берген тизмелерге ылайык 2004-2005-жылдардагы табигый  кырсыктар-дын  натыйжасында жабыр тарткан республиканын жашоочуларына жењилдетил-ген ссудаларды берүүнү белгиленген тартипте ишке ашырсын;     - кайтарып берүү мөөнөтү жеткен, мурда берилген жењилдетилген ссу-даларды кайтарып берүү боюнча иш-чараларды жүргүзсүн;     - мурда берилген жењилдетилген ссудаларды кайтарып берүүдөн түшкөнкаражаттарды кезекте тургандарга жењилдетилген ссуда берүүгө  жумшасын.Мында ссудалар кайтарылып берилген республиканын районунун жашоочулары-на ссуда алууда артыкчылык берилсин.     9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:     - бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча максаттуу  багыттагыбиринчи кезектеги авариялык-калыбына келтирүү иштери үчүн алдыдагы кар-жылоо эсебине Кыргыз Республикасынын Экология  жана  өзгөчө  кырдаалдарминистрлигине 70 млн. сом, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комму-никациялар министрлигине - 50 млн.  сом,  Кыргыз Республикасынын  Айыл,суу  чарба  жана  кайра  иштетүү  өнөр жай министрлигине - 50 млн.  сомбөлсүн;     - Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш боюнча мамлекеттик комиссиянын Мамлекеттик турак жай курулуш депар-таментине биринчи кезектеги тизмеге кирген, бөөдө кырсыктан жабыр тарт-кан үй-бүлөлөргө жењилдетилген ссуда берүү үчүн 50 млн. сом бөлсүн.     10. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо  органдарыныништери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.     Аткаруунун жүрүшү жөнүндө 2005-жылдын 5-сентябрында каралсын.      Биринчи вице-премьер-министрдин     милдетин аткаруучу                              Ф.Кулов