ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 30 августа 2007 года № 382 «Об одобрении соглашений между Правительством Кыргызской Республики и компаниями»Камеко«и»Центерра Голд Инк."

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

                          КР Өкмөтүнүн          2009-жылдын 24-апрелиндеги № 254 токтомуна ылайык                          КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 30-августу № 382                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ            Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Камеко" жана              "Центерра Голд Инк" компанияларынын ортосунда                    макулдашууларды жактыруу жөнүндө      "Кумтөр" долбоорун ишке ашыра баштагандан тартып Кыргыз  Республи- касынын коомчулугунда ага карата ар кандай себептер боюнча терс мамиле- лер түзүлгөн, ал кийин 2003-2004-жылдарда "Кумтөр" долбоорун реструкту- ралаштырууга карата терс кабылдоо менен да терењдеп кеткен.      Көрсөтүлгөн кырдаалды көњүлгө алуу менен кыргыз жана канада тарап- тар "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруу жөнүндө маселе боюнча кыр- гыз тараптын позицияларын жакшыртуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү туура- луу чечим кабыл алышкан.      Бул максаттарда   Кыргыз    Республикасынын    Премьер-министринин 2007-жылдын  22-майындагы  №  251 буйругу менен эксперттик топ түзүлүп, анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, администрация- лык  ведомстволордун жана ишканалардын жетекчилери,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын орун басары Э.Д.Алымбеков киришкен.      Көрсөтүлгөн эксперттик топ Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кењеши- нин алтын кендерди өздөштүрүүнүн негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун пар- ламенттик териштирүү боюнча депутаттык комиссиянын мүчөлөрү менен  бир- дикте  10 жолугушуу-кењешме өткөргөн жана "Центерра Голд Инк" компания- сындагы  "Камеко"  компаниясынын  акцияларын  кыргыз  тарапка   өткөрүп берүүнү  кароочу  эсептөөлөрдүн  ар  кандай  варианттарын,  ошондой эле "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун жањы шарттарын  иштеп  чык- кан,  көрсөтүлгөн  кењешмелер  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бардык депутаттарына жана өкмөттүк эмес  уюмдардын  өкүлдөрүнө  катышуу үчүн жеткиликтүү түрдө ачык болгон.      Иштелип чыккан эсептөөлөргө негизденүү менен 2007-жылдын  июль-ав- густунда  кыргыз  тарап  сүйлөшүүлөрдүн кезектеги эки раундун өткөргөн. Көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча,  ошондой  эле  "Центерра Голд Инк" компаниясынын акцияларынын баасынын 4,75 канада долларына че- йин төмөндөп кетишинен улам тараптар эки тараптуу төмөнкүдөй чечим  ка- был алышкан:      - "Центерра Голд Инк" компаниясындагы "Камеко" компаниясынын акци- яларынын реструктуралаштыруу башталганда 52 процентти түзгөн акцияларын кыргыз тарапка өткөрүп берүү жөнүндө;      - милдеттүү төлөмдөрдү, ошондой эле Ысыккөл облусун өнүктүрүү фон- дуна  чегерүүлөрдү  кошо  алганда  "Кумтөр"  долбоору  үчүн  салыктарды төлөөнү кароочу салыктык режимди белгилөө жөнүндө.      Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:      1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  жана  "Камеко"  компаниясынын ортосунда Өз ара колдоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.      2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк"  ком- паниясынын  ортосунда "Кумтөр" долбоору боюнча Жањы шарттар жөнүндө ма- кулдашуунун долбооруна макулдук берилсин.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев