Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

                    КР Өкмөтүнүн

    2010-жылдын 15-январындагы № 11 токтомуна ылайык

                    КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 20-октябры № 485

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

               Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

                Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча

                   мамлекеттик агенттиктин борбордук

                     аппаратын жайгаштыруу жөнүндө

 

                                      (КР Өкмөтүнүн

              2009-жылдын 19-мартындагы № 183 токтомунун

                         редакциясына ылайык)

 

     "Баштапкы кесиптик  билим  берүү  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 22-статьясына  ылайык,  мамлекеттик  имараттарга мамлекеттик

органдар менен  мекемелерди  натыйжалуу  жайгаштыруу  максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн  2007-жылдын  7-августундагы  № 248-б буйругу

менен түзүлгөн  Ведомстволор  аралык  комиссиянын  корутундусун, Кыргыз

Республикасынын Президентинин  2007-жылдын  19-январындагы № 5 буйругун

аткаруу максатында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Эмгек жана со-

циалдык өнүктүрүү министрлигинин сунушун көњүлгө алуу менен Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Бишкек  шаары,  Манас  проспекти, № 22а дарегинде жайгашкан беш

кабат имарат  жанаша аймагы жана курулмалары менен Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнө  караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекет-

тик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилсин.

     2. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу Кесиптик-техникалык

билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик:

     - ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн  имараттын  биринчи  жана

экинчи кабаттарына агенттиктин борбордук аппаратын жайгаштырсын;

      - имараттын  үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кабатын акылуу пайдала-

нууга Кыргыз  Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрли-

гинин алдындагы Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтуна берсин.

     (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы № 183 токтомунун редакция-

сына ылайык)

     3. Кыргыз  Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-

лиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим

берүү боюнча  мамлекеттик  агенттиктин  борбордук аппаратын жайгаштыруу

үчүн ушул  токтомдун  1-пунктунда  көрсөтүлгөн  имараттын  биринчи жана

экинчи кабаттарын бошотуу боюнча бир айлык мөөнөттө белгиленген тартип-

те чараларды көрсүн.

     4. Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети белгиленген тартипте:

     - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык Манас проспектиси, № 22а дареги

боюнча Бишкек шаарында жайгашкан жайды өткөрүп берүүнү ишке ашырсын;

     - Москва  көчөсү,  №  171, Манас проспектиси, N 22а, Байтик баатыр

көчөсү, 122 даректери боюнча Бишкек шаарында жайгашкан мүлктүк комплек-

стердин баланстарын кармоочулар менен бирдикте эгерде алар багыты боюн-

ча пайдаланылбаса  жеке жана юридикалык жактарга жайларды ижарага андан

аркы берүүнүн  максатка  ылайыктуулугун  изилдеп чыксын жана алар менен

тийиштүү келишимдерди бузуу жөнүндө чараларды көрсүн.

     5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

     - "Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 122 дарегинде жайгашкан № 5

кесиптик лицейдин  № 2 окуу корпусун жана администрациялык имаратын бе-

китип берүү   жөнүндө"   Кыргыз   Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

16-декабрындагы № 782 токтому;

     - "Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 122 дарегинде жайгашкан № 5

кесиптик лицейдин  № 2 окуу корпусун жана администрациялык имаратын бе-

китип берүү   жөнүндө"   Кыргыз   Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

16-декабрындагы № 782 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-сентябрындагы № 673 токтому;

     - Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2006-жылдын 8-декабрындагы №

674-б буйругу.

     6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ви-

це-премьер-министри Нур уулу Досболго жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А. Атамбаев