ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 23 октября 2007 года № 497 «О распространении программ телерадиовещания Федерального Государственного Унитарного Предприятия Всероссийской государственной телерадиовещательной компании на территории Кыргызской Республики»

Редакцияот 23.10.2007
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 497                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ        Бүткүл Россиялык мамлекеттик телерадиоберүүчү компаниянын            Федерациялык Мамлекеттик Унитардык Ишканасынын         телерадиоберүү программаларын Кыргыз Республикасынын                       аймагына таратуу жөнүндө      Бүткүл Россиялык  мамлекеттик телерадиоберүүчү компаниянын Федера-циялык Мамлекеттик  Унитардык  Ишканасынын  (мындан  ары  - ФГУП ВГТРК)"РТР-Планета", "Культура" жана "Радио России" теле жана радиопрограмма-ларын Кыргыз  Республикасынын  аймагында  берүүнү камсыздоо максатында,Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ор-тосунда 1996-жылдын  28-мартында  Москва шаарында кол коюлган Россиянынтелерадиоберүүчү уюмдарынын программаларын Кыргыз Республикасынын айма-гында таратуунун  тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашуунун 5-статья-сына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. ФГУП  ВГТРКнын  россиянын мамлекеттик "РТР-Планета", "Культура"жана "Радио  России" теле жана радиопрограммаларын Кыргыз Республикасы-нын аймагында  ФГУП ВГТРКнын каржылоосунун эсебинен таратуу жөнүндө де-милгеси колдоого алынсын.     2. Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети  ФГУП  ВГТРКнын теле жана радио программаларын КыргызРеспубликасынын аймагында  таратуу үчүн техникалык каражаттарды бир жылмөөнөткө берүү жана андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулду-гу менен узартып туруу жөнүндө ФГУП ВГТРК менен келишим түзүү маселесин"Кыргызтелеком" ачык  акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароо-суна аныкталган тартипте киргизсин.     3. Кыргыз  Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Кыр-гыз Республикасынын  аймагына  таратылчу теле жана радиопрограммалардынмазмун жагын контролдоо маселесин иштеп чыксын.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев