ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 11 декабря 2007 года № 581 «Об оказании государственной поддержки сельским товаропроизводителям Кыргызской Республики путем изменения условий погашения задолженности по кредитам»

Редакцияот 11.12.2007
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 11-декабры № 581                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                  Кыргыз Республикасынын айылдык товар                   өндүрүүчүлөрүнө кредиттер боюнча              карыздарын жоюунун шарттарын өзгөртүү жолу               менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын   1999-2005-жылдарда   Япониянын  Өкмөтүнүнгранттарынын линиясы боюнча товардык кредиттерди алышкан карыз каражат-тар боюнча  2007-жылдын 1-июлуна карата мөөнөтү кечиктирилген карыздарыбар айылдык  товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондойэле аталган  кредиттердин  негизги суммасы боюнча мөөнөтү кечиктирилгенкарызды толук жоюуга түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономи-каны өнүктүрүүнүн  мамлекеттик  фонду  Япониянын Өкмөтүнүн гранттарынынлиниясы боюнча алынган, япон гранттарынын Утурлама фондунун каражатынынжана рекредиттелген   ресурстардын   эсебинен   чарбакер   субъекттерге1999-2005-жылдарда айыл  чарбалык техника түрүндө 3-4 жыл мөөнөткө жанаайыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү түрүндө мурда берилген кредиттер бо-юнча алардын негизги суммасын төлөөгө мүмкүндүк берүү максатында.     - 2007-жылдын  1-июлунан баштап 2008-жылдын 1-сентябрына чейин ка-рыздын мөөнөтү  кечиккен  төлөмдөрү үчүн айыптык санкция эсептөөнү ток-тотсун;     - карыздын  2007-жылдын  1-июлуна  карата суммаларын салыштыруунунактыларын аныкталган тартипте тариздесин;     - айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кредиттер боюнча карызды жоюусунуншарттарын төмөнкүдөй өзгөртсүн:     чарбакер субъекттер  кредиттик  келишимге ылайык кредиттин негизгисуммасын кредитти  төлөөнүн акыркы мөөнөтүнө карата толук төлөсө төлөө-нүн кредиттик  келишимде  белгиленген аралык мөөнөттөрүн бузгандык үчүнсалынган айыптык санкциялар боюнча бересе 100 процент өлчөмдө жоюлат;     чарбакер субъекттер кредиттин негизги суммасын 2008-жылдын 31-мар-тына чейин  толук төлөсө - төлөө графигин бузгандык үчүн салынган айып-тык санкциялар боюнча бересе айыптын суммасынын 75 проценти өлчөмдө жо-юлат;     чарбакер субъекттер  кредиттин негизги суммасын 2008-жылдын 1-сен-тябрына чейин  төлөсө  - төлөө графигин бузгандык үчүн салынган айыптыксанкциялар боюнча бересе айыптын суммасынын 50 проценти өлчөмдө жоюлат.     2. Япон  гранттарынын Утурлама фондунун каражатынын жана рекредит-телген ресурстардын  эсебинен  чарбакер субъекттерге 1999-2005-жылдардаайыл чарбалык техника түрүндө 3-4 жыл мөөнөткө жана айыл чарба өсүмдүк-төрүнүн үрөндөрү түрүндө Япониянын Өкмөтүнүн г гранттарынын линиясы бо-юнча берилген  кредиттер  боюнча  алардын негизги суммасы жана салынганайыптык санкциялар боюнча эсептелген бересесин 2008-жылдын 1-сентябрыначейин төлөбөгөн  чарбакер  субъекттерге карата мурда түзүлгөн кредиттиккелишимдерде каралган шарттар колдонулаары белгиленсин.     3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.          Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин     милдетин аткарып жаткан - биринчи     вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу        И.Айдаралиев