ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 24 апреля 2008 года № 185 «О реализации Закона КР О репродуктивных правах граждан и гарантиях их реализации» и Указа Президента КР «О Национальной стратегии охраны репродуктивного здоровья населения КРдо 2015 года»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

                                КР Өкмөтүнүн                2014-жылдын 26-июнундагы № 352 токтомуна ылайык                                КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 24-апрели № 185

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

               "Жарандардын репродукциялык укуктары жана

            аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз

            Республикасынын Мыйзамын жана "2015-жылга чейин

            Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык

              саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы

             жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин

                     Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу

 

     "Жарандардын репродукциялык  укуктары  жана аларды ишке ашыруу га-

рантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "2015-жылга чейин

Кыргыз  Республикасынын  калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун

Улуттук  стратегиясы  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын   Президентинин

2006-жылдын 15-июлундагы № 387 Жарлыгына ылайык, калктын репродуктивдүү

саламаттыгын коргоо,  эненин жана баланын ооруларын жана өлүмүн азайтуу

жаатында  координацияланган саясатты ишке ашыруу максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Калктын  репродукциялык  саламаттыгын  сактоо  боюнча Секторлор

аралык координациялык кењеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

     2. Калктын  репродукциялык  саламаттыгын  сактоо  боюнча Секторлор

аралык координациялык кењеш жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

     3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасынын Сала-

маттык  сактоо  министрлигине  "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын

калкынын  репродукциялык  саламаттыгын  сактоонун  Улуттук  стратегиясы

жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы

№ 387 Жарлыгы менен бекитилген 2015-жылга чейин Кыргыз  Республикасынын

калкынын  репродукциялык  саламаттыгын  сактоонун  Улуттук стратегиясын

жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө ма-

алыматты жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын

15инен кечиктирбестен берип турушсун.

     4. "Жарандардын  репродукциялык укуктары жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 28-августундагы № 529 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

     5. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов

 

 

                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

                                          2008-жылдын 24-апрелиндеги

                                                № 185 токтомуна

                                                    тиркеме

 

           Калктын репродукциялык саламаттыгын сактоо боюнча

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Секторлор

                    аралык координациялык кењештин

                                КУРАМЫ

 

     Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кењештин төрагасы;

     Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри,  Кењештин төра-

гасынын орун басары;

     Кыргыз Республикасынын  Саламаттык сактоо министрлигинин Медицина-

лык жардамдарды уюштуруу башкармалыгынын энеликти жана балалыкты коргоо

бөлүмүнүн башчысы, Кењештин катчысы.

 

                          Кењештин мүчөлөрү:

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  Аппаратынын социалдык өнүктүрүү

бөлүмүнүн башчысы;

     Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

     Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун  ба-

сары;

     Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министринин

орунбасары;

     Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу Дене тарбия жана спорт,

жаштардын иштери жана балдарды коргоо  боюнча  мамлекеттик  агенттиктин

директорунун орун басары;

     Бишкек шаарынын вице-мэри;

     Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору;

     Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери  бо-

юнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча  мамле-

кеттик агенттиктин башкы адиси;

     "Аялдарга жардамдашуу борбору" коомдук бирикмесинин аткаруучу  ди-

ректору (макулдашуу боюнча);

     "Алга" айылдык аялдардын коомдук бирикмесинин директору  (макулда-

шуу боюнча);

     ЮНФПАнын Кыргызстандагы аткаруучу өкүлү (макулдашуу боюнча);

     ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы аткаруучу өкүлү (макулдашуу боюнча).

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

     Аппарат жетекчиси - министр                       М.Исмаилов