Положение от 23 апреля 2008 года №182 «О порядке взаимодействия между государственными органами при государственной (учетной) регистрации (перерегистрации) юридических лиц, филиалов и представительств по принципу»единого окна"
Этот документ есть на русском языкеРусский
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Жобонун максаттары жана милдеттери III. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүү тартиби IV. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик (эсептик) каттоодо, кайра каттоодо каттоочу орган менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүү схемасы Тиркеме. Билдирүү I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридика-лык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ыла-йык иштелип чыккан. 2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Юридикалыкжактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик(эсептик) каттоо (кайра каттоо) боюнча функцияны Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министрлиги жана анын аймактык органдары (мындан ары - каттоочуорган) аткарышат. 3. Бул Жобо юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдүмамлекеттик (эсептик) каттоо (кайра каттоо) процессинде каттоочу орган-дын Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттиккомитети, аймактык мамлекеттик статистика органы, Кыргыз Республикасы-нын Социалдык фонду (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар)менен өз ара аракеттенишүү тартибин жөнгө салат. 4. Бул Жобо каттоочу орган менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-гандардын арасында иш-аракетти координациялоо, өз ара байланышта иш-тешүү жана өз ара маалымат алмашуу үчүн укуктук негиз болот. 5. 1997-жылдын 1-январынан кийин катталган (кайра катталган) жанаиш-аракетин токтоткон юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөржөнүндө маалыматты каттоочу орган берет. 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана ишитоктотулган юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маа-лыматты аймактык мамлекеттик статистика органдары берет. II. Жобонун максаттары жана милдеттери 6. Бул Жобонун максаттары жана милдеттери төмөнкүдөй: - юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүүтерезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо)каттоочу орган менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүүкоддорду жана номерлерди ыйгаруу боюнча өз ара аракеттенишүү системасынтүзүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурлар-да, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган (кайра катталган) юриди-калык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн толук жана анык эсе-бин жүргүзүү; - юридикалык жактардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн бир-диктүү мамлекеттик реестри менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар-дын ведомстволук реестрлеринин өз ара аракеттенишүү системасын түзүү,ошондой эле ведомстволук реестрлердин маалыматтык шайкештигин камсызкылуу. III. Юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүү тартиби 7. Каттоочу орган, документтерди белгиленген тартипте кабыл алып: - юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик (эсеп-тик) каттоо (кайра каттоо) үчүн керектүү тапшырылган документтер толукжана алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келсе, тиешелүүчечим (буйрук) чыгарат; - электрондук форматта билдирүүнү (тиркелген тиркемеге ылайык)толтурат жана аны маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу ти-ешелүү аймактык мамлекеттик статистика органына ишканалардын жана уюм-дардын жалпы республикалык классификаторунун (мындан ары - ИУЖК) кодуныйгаруу үчүн жөнөтөт; - ИУЖК коду ыйгарылгандан кийин мамлекеттик статистика органыэлектрондук форматтагы билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Салыктар жанажыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине идентификациялык салык номерин(мындан ары - ИСН) ыйгаруу үчүн жиберет; - катталган (кайра катталган) юридикалык жак, филиал жанаөкүлчүлүк жөнүндө маалыматты юридикалык жактардын, филиалдардын жанаөкүлчүлүктөрдүн тиешелүү мамлекеттик реестрине жана электрондук маалы-мат базасына киргизет; - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттиккомитети ИСН ыйгаргандан кийин каттоо номерин, ИУЖК кодун жана ИСНкөрсөтүү менен мамлекеттик (эсептик) каттоо жөнүндө күбөлүктү белгилен-ген мөөнөттө арыз ээсине берет; - 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна эсепкекоюу жана ведомстволук реестрге маалыматтарды киргизүү үчүн ыйгарылганИУЖК коду жана ИСН менен билдирүү жөнөтөт; - 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдарбоюнча мамлекеттик комитетине, тиешелүү аймактык мамлекеттик статистикаорганына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна юридикалык жак-ты, филиалды жана өкүлчүлүктү мамлекеттик (эсептик) кайра каттоонужүргүзгөндүгү жөнүндө билдирүүнү ведомстволук реестрлерге тиешелүү ко-шумча маалыматтарды киргизүү үчүн жөнөтөт. Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн мамлекеттик (эсеп-тик) кайра каттоо жол-жобосун өтүү учурунда ИУЖК коду жана ИСН жок бол-со, ИУЖК кодун жана ИСН ыйгаруу ушул пунктта көрсөтүлгөн тартиптежүргүзүлөт. 8. Аймактык мамлекеттик статистика органы: - каттоочу органдан маалыматтык-коммуникациялык технологиялар ар-кылуу билдирүүнү алып, эки жумушчу сааттын ичинде ИУЖК кодун ыйгаратжана ИУЖК коду ыйгарылган билдирүүнү тиешелүү каттоо органына кайражөнөтөт; - ведомстволук реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет; - ИУЖК кодунун өз убактысында жана туура ыйгарылышы үчүн жоопкер-чилик тартат. 9. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-тик комитети: - каттоочу органдан маалыматтык-коммуникациялык технологиялар ар-кылуу ИУЖК коду көрсөтүлгөн билдирүүнү алып, эки жумушчу сааттын ичиндеИСН ыйгарат жана ИСН ыйгарылган билдирүүнү тиешелүү каттоо органынакайра жөнөтөт; - ведомстволук реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет; - ИСН өз убактысында жана туура ыйгарылышы үчүн жоопкерчилик тар-тат. 10. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду: - тиешелүү каттоочу органдан маалыматтык-коммуникациялык техноло-гиялар аркылуу (мүмкүндүк болбосо - кагаз сактагычта) ИУЖК коду жанаИСН ыйгарылган билдирүүнү алып, юридикалык жакты, филиалды жанаөкүлчүлүктү камсыздандыруу салымдарын төлөөчү катары каттайт жана эсеп-ке алат; - тиешелүү маалыматты ведомстволук реестрге киргизет. 11. Бул Жобого ылайык маалыматтык-коммуникациялык технологиялараркылуу билдирүүнү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдаргажөнөтүүгө жана (же) аны алардан каттоочу органга кайра жиберүүгөмүмкүндүк болбогон учурда, ИУЖК кодун жана ИСН ыйгаруу жана бул маалы-матты тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан каттоочу органгаберүү телефондук байланыш аркылуу, анын аталышы, дареги, юридикалыкжакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо жөнүндө буйруктун датасы жананомери жөнүндө кабарды камтыган маалыматтын негизинде жүргүзүлөт. Бул пунктта көрсөтүлгөн учурларда, билдирүүдө камтылган маалымат-тар, толук көлөмдө каттоочу орган тарабынан тиешелүү ыйгарым укуктуумамлекеттик органдарга кагаз сактагычта кошумча жөнөтүлөт. 12. Банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде эсептердиачуу, ошондой эле мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жасоого уруксат берүүюридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн мамлекеттик (эсептик)каттоо, кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн негизинде жүргүзүлөт. Банктар жана башка финансы-кредит мекемелери эсептешүү, ссудалык,валюталык жана башка эсептер ачылган, өзгөргөн, жабылган учурда беш жу-мушчу күндүн ичинде салык төлөөчүнүн жайгашкан жериндеги салык органынакабарлоого милдеттүү. IV. Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик (эсептик) каттоодо, кайра каттоодо каттоочу орган менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүү схемасы -----------------------------------------------------------------------|N |Каттоочу орган | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы ||---|---------------|-------------------------------------------------||1. |Кыргыз |Бишкек шаарынын |Кыргыз |Кыргыз || |Республикасынын|мамлекеттик |Республикасынын |Республикасынын|| |Юстиция |статистика |Салыктар жана |Социалдык фонду|| |министрлиги |башкармалыгы |жыйымдар боюнча | || | | |мамлекеттик | || | | |комитети | ||---|---------------|----------------|----------------|---------------||2. |Бишкек шаарынын|Бишкек шаарынын |Кыргыз |Кыргыз || |юстиция |мамлекеттик |Республикасынын |Республикасынын|| |башкармалыгы |статистика |Салыктар жана |Социалдык фонду|| | |башкармалыгы |жыйымдар боюнча | || | | |мамлекеттик | || | | |комитети | ||---|---------------|----------------|----------------|---------------||3. |Ысыккөл |Ысыккөл облусу- |Кыргыз |Кыргыз || |областынын |нун мамлекеттик |Республикасынын |Республикасынын|| |юстиция |статистика |Салыктар жана |Социалдык фонду|| |башкармалыгы |башкармалыгы |жыйымдар боюнча | || | | |мамлекеттик | || | | |комитети | ||---|---------------|----------------|----------------|---------------||4. |Жалалабат |Жалалабат |Кыргыз |Кыргыз || |облусунун |облусунун |Республикасынын |Республикасынын|| |юстиция |мамлекеттик |Салыктар жана |Социалдык фонду|| |башкармалыгы |статистика |жыйымдар боюнча | || | |башкармалыгы |мамлекеттик | || | | |комитети | ||---|---------------|----------------|----------------|---------------||5. |Нарын облусунун|Нарын облусунун |Кыргыз |Кыргыз || |юстиция |мамлекеттик |Республикасынын |Республикасынын|| |башкармалыгы |статистика |Салыктар жана |Социалдык фонду|| | |башкармалыгы |жыйымдар боюнча | || | | |мамлекеттик | || | | |комитети | ||---|---------------|----------------|----------------|---------------||6. |Ош облусунун |Ош облусунун |Кыргыз |Кыргыз || |юстиция |мамлекеттик |Республикасынын |Республикасынын|| |башкармалыгы |статистика |Салыктар жана |Социалдык фонду|| | |башкармалыгы |жыйымдар боюнча | || | | |мамлекеттик | || | | |комитети | ||---|---------------|----------------|----------------|---------------||7. |Талас облусунун|Талас облусунун |Кыргыз |Кыргыз || |юстиция |мамлекеттик |Республикасынын |Республикасынын|| |башкармалыгы |статистика |Салыктар жана |Социалдык фонду|| | |башкармалыгы |жыйымдар боюнча | || | | |мамлекеттик | || | | |комитети | ||---|---------------|----------------|----------------|---------------||8. |Чүй облусунун |Чүй облусунун |Кыргыз |Кыргыз || |юстиция |мамлекеттик |Республикасынын |Республикасынын|| |башкармалыгы |статистика |Салыктар жана |Социалдык фонду|| | |башкармалыгы |жыйымдар боюнча | || | | |мамлекеттик | || | | |комитети | ||---|---------------|----------------|----------------|---------------||9 |Баткен |Баткен облусунун|Кыргыз |Кыргыз || |облусунун |мамлекеттик |Республикасынын |Республикасынын|| |юстиция |статистика |Салыктар жана |Социалдык фонду|| |башкармалыгы |башкармалыгы |жыйымдар боюнча | || | | |мамлекеттик | || | | |комитети | ||---|---------------|----------------|----------------|---------------||10.|Ош шаарынын |Ош шаарынын |Кыргыз |Кыргыз || |юстиция |мамлекеттик |Республикасынын |Республикасынын|| |башкармалыгы |статистика |Салыктар жана |Социалдык фонду|| | |башкармалыгы |жыйымдар боюнча | || | | |мамлекеттик | || | | |комитети | |----------------------------------------------------------------------- Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме БИЛДИРҮҮ ----------------------------------------------------------------- (каттоочу органдын аталышы) I. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы жөнүндө маалымат -----------------------------------------------------------------------|1. |Толук аталышы (мамлекеттик тилде)| ||---|---------------------------------|-------------------------------||2. |Толук аталышы (расмий тилде) | ||---|---------------------------------|-------------------------------||3. |Кыскартылган аталышы | || |(мамлекеттик тилде) | ||---|---------------------------------|-------------------------------||4. |Кыскартылган аталышы (расмий | || |тилде) | ||---|---------------------------------|-------------------------------||5. |Уюштуруу-укуктук формасы | |----------------------------------------------------------------------- II. Чет өлкөлүк катышуу жөнүндө маалымат -----------------------------------------------------------------------|6. |Чет өлкөлүк катышуу барбы | ___ ооба ___ жок || | | ___ ___ |----------------------------------------------------------------------| III. Каттоо номери, ИУЖК коду, ААТБТ жана ИСН жөнүндө маалымат -----------------------------------------------------------------------|7. |Каттоо номери | ||---|---------------------------------|-------------------------------||8. |ИУЖК коду (аймактык статистика | || |органдары ыйгарат) | ||---|---------------------------------|-------------------------------||9. |ААТБТ коду (аймактык статистика | || |органдары ыйгарат) | ||---|---------------------------------|-------------------------------||10.|ИСН (салык органдары ыйгарат) | |----------------------------------------------------------------------- IV. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) дареги (жайгашкан жери) жөнүндө маалымат -----------------------------------------------------------------------|11.|Облус | ||---|---------------------------------|-------------------------------||12.|Шаар | ||---|---------------------------------|-------------------------------||13.|Район | ||---|---------------------------------|-------------------------------||14.|Айыл (поселок ж.б.у.с.) | ||---|---------------------------------|-------------------------------||15.|Кичи район | ||---|---------------------------------|-------------------------------||16.|Көчө (проспект, бульвар, чолок | || |көчө ж.б.у.с.) | ||---|---------------------------------|-------------------------------||17.|Үй N | ||---|---------------------------------|-------------------------------||18.|Квартира N (офис, бөлмө ж.б.у.с.)| |----------------------------------------------------------------------- V. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) байланыштык маалыматтары -----------------------------------------------------------------------|19.|Телефон | ||---|---------------------------------|-------------------------------||20.|Факс | ||---|---------------------------------|-------------------------------||21.|Электрондук дарек (е-mail) | |----------------------------------------------------------------------- VI. Юридикалык жактын уставдык капиталы (үлүштүк фонду) жөнүндө маалымат -----------------------------------------------------------------------|22.|Өлчөмү | _______ сом |----------------------------------------------------------------------- VII. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик (эсептик) каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалымат -----------------------------------------------------------------------|23.|Мамлекеттик (эсептик) каттоо же | || |кайра каттоо | ||---|---------------------------------|-------------------------------||24.|Буйруктун датасы | ||---|---------------------------------|-------------------------------||25.|Буйруктун номери | ||---|---------------------------------|-------------------------------||26.|Алгачкы каттоо датасы | || |(мамлекеттик кайра каттоо | || |учурунда) | |----------------------------------------------------------------------- VIII. Юридикалык жактын түзүлүш ыкмасы жөнүндө маалымат -----------------------------------------------------------------------|27.|Түзүү | ||---|---------------------------------|-------------------------------||28.|Кайра түзүү | |----------------------------------------------------------------------- IX. Менчиктин формасы жөнүндө маалымат -----------------------------------------------------------------------|29.|Менчиктин формасы (мамлекеттик, | || |муниципалдык, жеке жана башка) | |----------------------------------------------------------------------- X. Юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) жөнүндө маалымат(*) -----------------------------------------------------------------------|30.|Уюштуруучулар (катышуучулар) - | || |жеке адамдардын саны | ||---|---------------------------------|-------------------------------||31.|Уюштуруучулар (катышуучулар) - | || |юридикалык жактардын саны | ||---|---------------------------------|-------------------------------||32.|Уюштуруучулардын | || |(катышуучулардын) жалпы саны | |----------------------------------------------------------------------- 33. Уюштуруучу (катышуучу) - жеке адам жөнүндө маалымат -----------------------------------------------------------------------|а).|Фамилиясы, аты, атасынын аты | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Уставдык капиталдагы үлүшү | || |(% жана сом менен) | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Жарандыгы | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Жеке идентификациялык номери | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Өлкө | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Облус | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Шаар | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Район | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Айыл (поселок ж.б.у.с.) | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Кичи район | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Көчө (проспект, бульвар, чолок | || |көчө ж.б.у.с.) | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Үй N | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Квартиранын (бөлмөнүн ж.б.у.с.) N| |----------------------------------------------------------------------- 34. Юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) - жөнүндө маалымат -----------------------------------------------------------------------|а).|Толук аталышы | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Уставдык капиталдагы үлүшү | || |(% жана сом менен) | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Катталган жери | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Каттоо номери | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |ИУЖК коду | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |ИСН | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Өлкө | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Облус | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Шаар | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Район | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Айыл (поселок ж.б.у.с.) | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Кичи район | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Көчө (проспект. бульвар, чолок | || |көчө ж.б.у.с.) | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Үй N | ||---|---------------------------------|-------------------------------|| |Квартиранын (офистин, бөлмөнүн | || |ж.б.у.с.) N | |----------------------------------------------------------------------- XI. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) уюштуруучусу жөнүндө маалымат -----------------------------------------------------------------------|35.|Толук аталышы | ||---|---------------------------------|-------------------------------||36.|Катталган жери | ||---|---------------------------------|-------------------------------||37.|Каттоо номери | ||---|---------------------------------|-------------------------------||38.|ИУЖК коду | ||---|---------------------------------|-------------------------------||39.|ИСН | ||---|---------------------------------|-------------------------------||40.|Өлкө | ||---|---------------------------------|-------------------------------||41.|Облус | ||---|---------------------------------|-------------------------------||42.|Шаар | ||---|---------------------------------|-------------------------------||43.|Район | ||---|---------------------------------|-------------------------------||44.|Айыл (поселок ж.б.у.с.) | ||---|---------------------------------|-------------------------------||45.|Кичи район | ||---|---------------------------------|-------------------------------||46.|Көчө (проспект, бульвар, чолок | || |көчө ж.б.у.с.) | ||---|---------------------------------|-------------------------------||47.|Үй N | ||---|---------------------------------|-------------------------------||48.|Квартиранын (офистин, бөлмөнүн | || |ж.б.у.с.) N | |----------------------------------------------------------------------- XII. Жетекчи жөнүндө маалымат (коллегиялуу болгон учурда - биринчи жетекчиники) -----------------------------------------------------------------------|49.|Фамилиясы, аты, атасынын аты | || |(толук) | |----------------------------------------------------------------------- Эскертүү: (*) - каттоодо коммерциялык уюмдар, мекемелер, коомдук фонддорүчүн толтурулат; - кайра каттоодо жоопкерчилиги чектелген коомдор, кошумча жоопкер-чилиги бар коомдор, толук шериктештиктер, коммандиттик шериктештиктер,мекемелер, коомдук фонддор үчүн толтурулат.