К содержанию
ДалилПравовая библиотека Кыргызской Республики
Меню
Спросить Далил
Язык
ОбзорКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаИзмененияО сервисеСпросить Далил
Каталог/Постановление
ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 14 мая 2008 года № 219 «О предоставлении во временное пользование земельных участков обществу с ограниченной ответственностью «Южный комбинат строительных материалов» для развития инфраструктуры строящегося цементного завода»

Реквизиты

РусКырг
Номер
№ 219
Принят
14 мая 2008 года
Издал
Правительство Кыргызской Республики

В реестре

Код Минюста
59082

Официальная страница Минюста

Правовая информация
для работы, бизнеса и обучения.

Компания

О сервисеКаталогЗаконопроектыШаблоныПроверка документаСпросить Далил

Реквизиты компании и контакты ещё не добавлены.

Независимый информационный сервис. Данные собраны автоматически из Централизованного банка данных правовой информации Министерства юстиции КР и могут содержать неточности. Для юридически значимых решений сверяйтесь с официальным источником.

© 2026 dalil.kg
Редакцияот 14.05.2008
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-майы № 219                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ            Курулуп жаткан цемент заводунун инфраструктурасын         өнүктүрүү үчүн "Түштүк курулуш материалдар комбинаты"           жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участокторун                 убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,  384-статьяла-рына жана 27-главасына,  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5, 20жана 32-статьяларына ылайык, курулуш материалдарын өнөржайлык чыгаруунуөнүктүрүүгө тике инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик  администрация-сынын  Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-миссия менен макулдашылган,  жалпы аянты 2,70 га  жер  участогун,  аныничинен  Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 1,88 га сугат ай-доосун жана Ош облусунун Араван районундагы Алля-Анаров айылдык кењеши-нин  0,82  га жайытын курулуп жаткан цемент заводунун инфраструктурасынөнүктүрүү үчүн "Түштүк  курулуш  материалдар  комбинаты"  жоопкерчилигичектелген  коомуна ижара келишими шартында 49 жылдык мөөнөт менен убак-тылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.     2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жанабашка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.     3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик  администрация-сы:     - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү  киргиз-син;     - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:     "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун  толтуруу-нун  наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-ленген  нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Түштүк ку-рулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүн;     "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген ко-омунун  жер  участокторго  жер  салыгынын ставкасынын өлчөмүнө карата 2(эки) коэффициентти колдонуп,  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-йык  Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Алля-Анаровайыл өкмөтүнүн башчысы менен ижара келишимин түзүүсүн.     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн.       Премьер-министр                         И.Чудинов

Структура

В этом документе не удалось выделить разделы и статьи.