ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 27 ноября 2007 года №563 «О вопросах финансирования Государственного комитета Кыргызской Республики по управлению государственным имуществом»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики
Бишкек ш, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 27-ноябрындагы №563         КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ    Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу     боюнча мамлекеттик комитетин каржылоо маселелери                        жөнүндө                  (КР Өкмөтүнүн          2008-жылдын 7-августундагы №429           токтомунун редакциясына ылайык)   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлгөн милдеттердин жана функция-лардын аткарылышын камсыздоо максатында  Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат:  1.  Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине  мамлекеттик  менчиктештирүүфондунан  25,0  (жыйырма беш)  млн. сом суммасындагы  акча каражатын акысыз негизде комитеттин чыгымдарын жабууга.(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы №429 токтомунун редакциясына ылайык)   2.  Кыргыз Республикасынын  Финансы  министрлиги  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекет-тик комитети менен  бирдикте республикалык бюджеттен КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекет-тик комитетин каржылоо  маселеси боюнча эки айлык  мөөнөттө белгиленген тартипте сунуш киргизсин.   3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республика-сынын  Өкмөтүнүн  Аппаратынын экономика, соода, туризм  жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.    Премьер-министрдин  милдетин аткаруучу                   А.Атамбаев