Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-ноябры № 297
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш, Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2020-жылдын 3-ноябрындагы № 60 буйругу менен Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Турганбаев Улан Калмакович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2020-жылдын 30-октябрындагы № 20-пр буйругу менен Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш, Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 25-ноябрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.
2. Тоң, Нарын аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы | Н.Шайлдабекова |