УказДействует

Указ Президента КР от 10 марта 2009 года № 199 «Об утверждении Стратегии использования земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных угодий»

Редакцияот 10.04.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 10-апрели ПЖ № 199

Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү жөнүндө

Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин башкаруунун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жер участкаларын пайдалануу маселелерин жөнгө салуу механизмдерин түзүү жана тартипке келтирүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануунун тиркелген Стратегиясы (мындан ары - Стратегия) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- аталган Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн;

- Стратегияны жүзөгө ашырууда финансылоонун бюджеттен тышкаркы кошумча булактарын, анын ичинде эл аралык финансы жардамын тартууга көмөк көрсөтсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев