УказУтратил силу

Указ Президента КР от 11 августа 2010 года УП № 110 «Об утверждении состава Комиссии по вопросам гражданства при Президенте Кыргызской Республики»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

К Р Президентинин

2011-жылдын 7-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2010-жылдын 11-августу ПЖ № 110

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу мамилелерин тартипке салуу максатында, 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.    Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

 

Жумалиев Муктар Кабылбекович                                 - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин

                                                                 биринчи орун басары,Комиссиянын төрагасы;

 

Рыскулова Айгүл Маратбековна                                  - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция

                                                                                              министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

 

Сатыбалдиев Дүйшөн Туйбасович                             - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо

                                                                                                кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин директору;

 

Бараканова Салтанат Нурдиновна                             - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция

                                                                                               министрлигинин этностук кыргыздар жана келгиндер менен иштөө

                                                                                               боюнча бөлүмүнүн начальниги;

 

Исаев Асеин Кусеинович                                               - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;

 

Бекенов Марат Эсенбекович                                        - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук

                                                                                                 кызматынын төрагасынын орун басары;

Майкозов Касымбек Асыпбекович                              - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары.

 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-январындагы № 36 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-февралындагы № 66 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-февралындагы № 88 Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 15-майындагы № 239 Жарлыгы.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р.Отунбаева