УказДействует

Указ Президента КР от 18 января 2011 года УП №7 «О Бейшеновой М.К.»

Редакцияот 18.01.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 18-январы ПЖ №7

М.К. Бейшенова жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы №107 Декрети менен 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүү) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Жергиликтүү соттун судьясы Бейшенова Мая Каныбековна Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жөнөтүлсүн.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р. Отунбаева