УказДействует

Указ Президента КР от 26 декабря 2013 года УП № 233 «Об отклонении ходатайств о помиловании осужденных»

Редакцияот 26.12.2013
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

2013-жылдын 26 декабры ПУ № 233

Соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагуу тууралуу

Соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн карап чыгып, жасалган кылмыштардын оордугун жана өнөкөттүгүн, мурда соттолгондугун, терс жүрүш-турушун жана башка жагдайларды эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын сунуштарын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясынын экинчи бөлүгүнүн негизинде

ТОКТОМ КЫЛАМ:

Төмөнкүлөрдүн ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү четке кагылсын:

2011 -жылы 14-январда Ысык-Кел райондук сотунун өкүмү менен 19 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1973-жылы туулган Алышпаев Зарылбек Эсенбаевичтин;

2010-жылы 16-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өкүмү менен 16 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1981 -жылы туулган Абакиров Мирболот Мэлисовичтин;

2005-жылы 11 -ноябрда Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 20 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1977-жылы туулган Айталиев Нургазы Токтосуновичтин;

2001-жылы 11-апрелде Ноокат райондук сотунун өкүмү менен өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1973-жылы туулган Жолдошев Адылжан Максытовичтин;

2008-жылы 7-августта Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен 12 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1979-жылы туулган Ногойбаев Максат Жакыповичтин;

2009-жылы 14-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен 20 жыл 2 айга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1964-жылы туулган Оморов Замир Токтобековичтин;

2006-жылы 15-сентябрда Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 20 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон, 1978-жылы туулган Султанов Дильмурат Абдумаликовичтин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Атамбаев