ПостановлениеДействует

Постановление Нурманбетского айылного кенеша от 19 апреля 2012 года № 113/XXII-25 «Об утверждении ставки сборов за вывоз мусора с территории населенных пунктов»

Редакцияот 19.04.2012
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 19-апрели № 113/XXIII-25

Нурманбет айыл өкмөтүнүн калк отурукташкан аймактарында таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 10.04.2008г.№5 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамынын 27 беренесинин,жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөрү жөнүндө мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 12-1 беренесине ылайык Нурманбет айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү жыйым киргизилсин:

-калк отурукташкан аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым

2. Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир түтүндөн 50 сомдон деп бекитилсин.

3. Нурманбет айыл өкмөтүнө:

-бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн берилсин

-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешинин  каржы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Сагынбекова