ПостановлениеДействует

Постановление Кантского айылного кенеша от 23 декабря 2013 года № 59/ХII-26 «Об определении зонального коэффициента К3 земельного налога за использование земель несельскохозяйственного назначения и налога на недвижимое имущество на территории города Кант»

Редакцияот 23.12.2013
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

12 сессиясы

 

2013-жылдын 23-декабры № 59/ХII-26

Кант шаарынын аймагына кыймылсыз мүлккө жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициенттин К3 аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 02.10.2008ж. Салык Кодексинин 339-беренесинин 4 п. ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндөгү 327-беренени аткаруу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 01-январь 2014-жылдан баштап Кант шаарынын аймагында кийинки салыктарды киргизүү:

- мүлк салыгы;

- жер салыгы.

Кант шаарынын аймагында 2014-жылга айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн юридикалык жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициенти К3 1,2 өлчөмүндө аныкталсын.

Жогоруда көрсөтүлгөн салыктарды тескөө, башкаруу Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде ишке ашырылсын.

Токтомду каттап, Кыргыз Республикасынын укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.

Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кант шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

А.К. Шайлдабеков