ПостановлениеДействует

Постановление Председателя Боролдойского Айылного Кенеша от 22 января 2014 года № 2 (О выражении недоверия главе Боролдойского айыл окмоту)

Редакцияот 22.01.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БОРОЛДОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

2-сессия 26-чакырылыш

2014-жылы 22-январы №2

«Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы

К.Б. Баякеевага ишеним көрсөтпөө жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Бишкек шары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүктөрүнүн мамлекеттик инспектору тарабынан 2013- жьлдын 24-декабрдагы аудиттин актысынын, Кемин районунун Боролдой айыл округунун бюджетинин аткарылышы менен таанышып чыгып жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» (КРнын 2012-ж. 10- августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясында) Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун 2- подпунктунун, 2-пунктунун 6-подпунктунун жетекчиликке алып жана Боролдой айыл Кеңешинин 26 - чакырылышынын депутаттарынын 2014-жылдын 22- январдагы сессиясынын № 2 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун 2-подпунктунун жана Боролдой айыл Кеңешинин 26-чакырылыштагы депутаттарынын 2014-жылдын 22-январдагы № 2 протоколунун негизинде Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы Баякеева Кенджекул Бурумбаевнага ишеним көрсөтүлбөсүн.

2. Аталган токтом Кемин райондук мамлекеттик администрациясына, аймактык шайлоо комиссиясына. Кьтргыз Республикасынын адилет министрлигине жөнөтүлсүн жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын өзүм көзөмөлгө алам.

 

Боролдой айыл

Кеңешинин төрагасы:

 

Э.Орозбаков