УказУтратил силу

Указ Президента КР от 26 августа 2008 года УП № 288 «О внесении изменений и дополнения в Указ Президента Кыргызской Республики «Об утверждении Реестра государственных должностей Кыргызской Республики» от 27 августа 2007 года»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2008-жылдын 26-августу ПЖ № 288

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын

27-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу

 

Мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 2 тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 2-главанын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана Иш башкармасы - материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу Кызматы" деген бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана Иш башкармасы

Жогорку кызмат орунду

Ж1

Башкарманын начальниги

Ж2

Башкарманын начальнигинин орун басары

Бөлүм башчы

Басма сөз-кызматынын жетекчиси

Кызматтын жетекчиси

Ж3

Бөлүм башчынын орун басары

Төраганын басма сөз-катчысы

Басма сөз-кызматынын жетекчисинин орун басары

Кызматтын жетекчисинин орун басары

Депутаттык фракциянын катчылыгынын башчысы

Башкы кызмат орду

Б1

Сектор башчы

Иш башкармасынын бөлүм башчысы

Б2

Эксперт

Иш башкармасынын бөлүм башчысынын орун басары

Б3

Улук консультант

Иш башкармасынын сектор башчысы

Улук кызмат орду

У1

Консультант

Башкы адис

У2

Иш башкармасынын башкы адис

 

- "Мамлекеттик саясый жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары" деген 19-главада:

"Башкы кызмат орду" категориясындагы "Б2" тобундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчисинин жардамчысы" деген сап алып салынсын;

"Улук кызмат орду" категориясындагы "У1" тобу төмөнкү мазмундагы биринчи сап менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчисинин жардамчысы".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К. Бакиев