УказДействует

Указ Президента КР от 18 апреля 2002 года УП № 89 «О внесении изменений в структуру и штаты Администрации Президента Кыргызской Республики»

Редакцияот 18.04.2002
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2002-жылдын 18 апрели ПЖ № 89

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасына жана штатына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чьгаруу жыйынындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин камсыз кылуу үчүн

ТОКТОМ КЫЛАМ:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996 —жылдын 2 —мартында №28 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасы жөнүндөгү» Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө Жобонунун 25 —пункту 8 —абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы жаны абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алындагы эксперт»;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 19 —мартында №77 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасы жөнүндөгү» Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасы жана кызмат орундарынын саны төмөнкү мазмундагы 7а пункту менен толукталмсын:

«7а. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы Ыйгарым укуктуу өкулүнүн алындагы эксперт       1"

— акыркы «Бардыгы» деген саптагы «108» деген цифра «109» деген цифра менен алмаштырылсын.

3.  Бул Указ кол коюлган күндөн баштан күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Акаев