Указ Президента КР от 25 мая 2015 года УП № 99 «О направлении судей местных судов Кыргызской Республики в межрайонные суды Ошской, Джалал-Абадской, Иссык-Кульской, Нарынской, Таласской и Баткенской областей для осуществления полномочий судьи местного суда Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 25-майы ПЖ № 99
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Баткен облустарынын райондор аралык сотторуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2015-жылдын 25-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Ош облусунун райондор аралык сотуна:
Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич;
- Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотуна:
Каипова Нурила Кочкоровна;
Мажитов Бакытбек Өмүрзакович;
- Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотуна:
Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;
Тагаев Мелис Муктарович;
- Нарын облусунун райондор аралык сотуна:
Чагалдакова Махабат Бекболотовна;
- Талас облусунун райондор аралык сотуна:
Ибраимов Темирбек Маданбекович;
Нартаев Нурман Канатбекович;
- Баткен облусунун райондор аралык сотуна:
Жаманкулов Мелис Раимбердиевич;
Туленбаев Таирбек Абдумаликович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |