УказДействует

Указ Президента КР от 12 октября 2015 года УП № 201 «О направлении судей местных судов Кыргызской Республики в Аламудунский районный суд Чуйской области для осуществления полномочий судьи местного суда Кыргызской Республики»

Редакцияот 12.10.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 12-октябры ПЖ № 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2015-жылдын 12-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Берюева Анаркуль Декановна;

- Зикиров Арзыбек Камчибекович;

- Мусуралиева Аида Султангазиевна;

- Узакбаев Азамат Насырович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев