Указ Президента КР от 22 марта 2016 года УП № 64 «Об освобождении от должностей действующих судей отдельных районных и городских судов Джалал-Абадской области»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 22-марты ПЖ № 64
Жалал-Абад облусунун айрым райондук жана шаардык сотторунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө
Судьялардын кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүлгөндүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жалал-Абад облусунун айрым райондук жана шаардык сотторунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 23-мартынан баштап төмөнкү иштеп жаткан судьялар кызматтарынан бошотулсун:
- Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунан
Насирова Ташкан Жумабаевна;
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунан:
Жаримбетов Абибилла Кадырович;
Калмамат уулу Алтынбек;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан:
Алимкулов Нургазы Халилович;
Багишов Данияр Мансурович;
Батырбеков Тилекбек Соронбаевич;
Бекташев Суйунбек Исраилович;
Сатылганов Бакытбек Ыдырысович;
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунан:
Атакулов Сулайманкул Солтонкулович;
Жоробеков Токтосун Сайзилдаевич;
Сулайманова Эльмира Миталовна;
- Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунан
Дуйшеев Мамыт Жусупович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |