Указ Президента КР от 12 октября 2016 года УП № 216 «О направлении судей местных судов Кыргызской Республики в Ак-Талинский, Ат-Башинский, Жумгальский и Кочкорский районные суды Нарынской области, Иссык-Кульский районный суд, Караколский и Балыкчинский городские суды Иссык-Кульской области для осуществления полномочий судьи»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 12-октябры ПЖ № 216
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал жана Кочкор райондук сотторуна, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотуна, Каракол жана Балыкчы шаардык сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 14-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотуна:
Доулбеков Азат Азейинкулович;
Жумаков Жаныбек Темирбекович;
- Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотуна:
Бердыбаев Бакбуркан Асанканович;
Киналиева Жыпаркуль Баизрахмановна;
- Нарын облусунун Жумгал райондук сотуна
Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна;
- Нарын облусунун Кочкор райондук сотуна
Султаналиев Медел Керимжанович;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотуна
Жумаев Токтогул Темиркулович;
- Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна
Ниязалиев Самар Анарбекович;
- Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотуна:
Дюшембиева Майрамкул Мукашовна;
Усупбекова Назира Токтомуратовна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|